14-мартта Улуттук гезит-журнал басмаканасыредакцияны Симферополдон Киевге көчүрүү туурасындагы буйрук чыгарган. Гезиттин Крымдагы кызматкерлери мындай чечимди адилетсиз деп баалашты.
Алар бийликтен Крымдагы украиналыктардын гуманитардык муктаждыктарына көңүл бурулуп, мамлекеттик деңгээлде маани берилишин талап кылышууда. Алардын пикиринде, басылманын сайтына миңдеген окурмандар кирип жаткандыгы гезитке болгон суроо-талап бар экендигин айгинелеп турат. «Фейсбуктагы» баракчасында гезиттин эки миң досу бар экендиги белгиленген.
Улуттук гезит-журнал басмаканасы бул чечим оккупацияланган аймактагы штаттык кызматкерлердин коопсуздугу үчүн жоопкерчилик тарта албай тургандыгы менен тушүндүрдү. «Кримської світлиці» редакциясы 2014-жылы эле Крымда тартылып алынып, жоюлган болчу. 2015-жылдан бери гезит электрондук түрдө гана чыгып жаткан.
«Кримська світлиця» Крымда 1992-жылдан бери жарык көрүп келет. 2014-жылы Крымды Орусия аннексиялап алгандан кийин оккупацияга каршы болгон же орусия мыйзамдары боюнча каттоодон өтпөй калган крым-татар ММКлары Киевге көчүп кетишкен.