Бул туурасында орусиялык маалымат агенттиктери АКШнын Москвадагы элчилигинин басмы сөз катчысы Уильям Стивенске шилтеме берүү менен билдиришти. Анын айтымында, Бреннан орусия тарап менен Сириядагы ок атышууну токтотуу режимин сактоо маанилүү экендигин талкуулаган. Ошондой эле Башар Асад отставкага кетмейинче Сирияда саясий өзгөрүүлөр болбой тургандыгын баса белгилеген.
Бреннан Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматындагы кесиптештери менен дагы жолуккан. Муну жергиликтүү басылмалар өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотовдун билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты. Дипломат кабарлагандай, бул иш сапар орусиялык аскерлердин Сириядан чыгарылышына байланыштуу эмес.
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо Бреннандын Кремлде эч кандай жолугушуусу болбогондугун билдирди.
Батыш басылмаларында Бреннандын Орусияга келиши тууралуу маалыматтар орусиялык ММКларга шилтеме берүү менен жарыяланды.