Ссылки доступа

Брюсселдеги жардыруулардан кийин кармалган жаран эркиндикке чыкты


Федералдык прокуратура кабарлагандай, шектүүнү камакта кармагыдай тергөөнүн жетиштүү негиздери жок.

Бельгия прокуратурасы 22-марттагы жардыруунун негизинде кармалган жаранды кое берүү чечимин чыгарды.

Дүйшөнбү күнү Бельгиянын федералдык прокуратурасы бул жаранга каршы тергөөнүн жетиштүү далилдери жок экендигин билдирди. Эркек киши Брюсселдеги Завентем аэропорту менен метродогу жардыруудан эки күн өткөндөн кийин кармалган.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча кандуу окуянын курмандыктары 35ке жетти. Жардыруудан алган жаракатынан улам ооруканада төрт адам көз жумду.

Бельгия прокуратурасы террористик ишмердүүлүккө тиешеси бар деген шек менен үч адамга айып койду. Үчөө тең Брюссель, Мехелен жана Дюффелде полиция жүргүзгөн рейд учурунда кармалган. Бирок алардын жардырууга чындап эле тиешеси барбы, азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG