Ссылки доступа

 Казак тартип сакчылары жактоочуну жарым миллион теңгеге доого жыгууда


Казакстандын Ички иштер министрлигинин Адистештирилген күзөт башкармалыгынын кызматкерлери Бауыржан Азанов бул видеороликти YouТube сервисине жайгаштыруу менен аларды “курулай” айыптап жатат деп эсептешет.

Бул видео коомчулуктун кеңири катмарына жайылып, полиция кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргендигин белгилешүүдө.

Жарандык кодекстин 143-беренесине таянуу менен алар жактоочудан маалыматты төгүндөөнү жана моралдык зыянды өндүрүп берүүнү талап кылышууда. Жети полиция кызматкеринин ар бири кадыр-баркын 70 миң теңгеге баалады. Алар жактоочуну бекитилген талаптардын негизинде текшеришкенин ырасташууда. Арызда белгиленгендей, Бауыржан Азанов кол баштыгын каратууга бербей, жаңжал чыгарып, анан баарын мобилдик телефону аркылуу видеого тартып алган.

Адвокат Бауыржан Азановокуяны тасмага түшүрүп, коопсуздугун камсыздоо үчүн YouТube сервисине жайгаштырганын четке какпайт. Бул жол менен ал сот имаратында жактоочуларга кандай мамиле жазала тургандыгын көрсөткүсү келген. Анын айтымында, “визуалдык текшерүүдөн” өтүүгө баш тарткандыгы үчүн мындай окуяга көп жолу кабылган. Өткөн жылдын сентябрь айында постто турган полиция кызматкери анын колуна темир кишен такканга чейин барган. Адвокат маалымдагандай, Алматынын райондук соту бул ишти өз карамагына алды.

XS
SM
MD
LG