Ссылки доступа

Сан-Бернардинодогу теракт уюштуруучусунун айфондогу маалыматтары аныкталууда


АКШ юстиция министрлиги Apple корпорациясына карата доо арызын кайтарып алгандыгын кабарлады. Доо арызда былтыркы жылдын декабрында калифорниялык Сан-Бернардино шаарында болгон теракттын уюштуруучусу делген адамдын айфонун ачканга мүмкүндүк бере турган кодду ачыктоо талап кылынган.

Аталган министрликтин өкүлү кабарлагандай, код федералдык бийликтин өтүнүчү менен америкалык фирманын адистери тарабынан аныкталган. Фирманын тек-жайы купуя боюнча калууда. Тергөөчүлөр азыркы тапта “тийиштүү эрежелерге ылайык телефондун эс тутумундагы маалыматтарды изилдешүүдө”.

Соттун санкциясы менен тергөөчүлөр аталган смартфондогу маалыматтарды алуу үчүн кодду ачыктоону талап кылгандан кийин Юстиция министрлиги менен Apple корпорациясынын ортосунда ачык тирешүүсү башталган. Смартфондун ээси Сайед Ризван Фарук аталган терактты ишке ашыргандардын бири болгон. Бул теракттан 12 адам набыт болуп, 22 адам жараат алган. Фарук аялы менен бирге мурдагы кесиптештерине ок чыгарган. Кол салгандардын байланыштарын иликтеген кызматкерлер смартфондун эс тутумунда маанилүү маалымат камтылышы мүмкун деп эсептешет. Apple болсо кодду ачыктоо менен тергөөчүлөр миллиондогон смартфон колдонуучулардын маалыматтарына эгедер болуп калышы мүмкүн деп баш тарткан.

Жеке маалыматтын кол тийбестигинин чегин аныктоо боюнча соттук күрөш аягына чыга элек. Федералдык бийлик Apple корпорациясынан дагы он смартфондогу маалыматтарды алуу үчүн код беришин талап кылууда.

XS
SM
MD
LG