Ссылки доступа

Олег Панфиловдун “Антисоветтик окуялары” украин тилинде жарык көрдү


Украинада профессор Олег Панфиловдун “Антисоветтик окуялар” аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Китепте коомчулукка анчейин маалым болбогон, 150 жылга созулган орус-чукча согушу же Орусия империясынын жаралышы сыяктуу фактылар тууралуу сөз болот.

Китепте ошондой эле азыркы замандагы кандуу окуялар сүрөттөлөт. Орус-чечен, орус-грузин, орус-украин жаңжалдары жана Крымдын аннексиясы да чагылдырылган.

Бул басылма акыркы жылдары “Азаттык” радиосунда жарыяланган макалалардын жыйнагы болуп саналат. Азыркы тапта китепти болгар жана чех тилдерине которуу иштери аягына чыгып калды. Жакын арада аны англис тилине которуу пландаштырылууда. Европарламенттин Чехиядан депутаты Яромир Штенинанын демилгеси боюнча бардык котормолордун бет ачаары апрелде Брюсселде өтмөкчү. Бет ачаардын жүрүшүндө Европарламенттин “Тарых цензурасы” деп аталган конференциясы да болот.

Илия (Грузия) мамлекеттик университетинин профессору, публицист Олег Панфилов 1957-жылы Тажикстанда туулган. 1979-жылы Хожент университетин аяктап, Тажикстандын Илимдер академиясынын тарых институтунда эмгектенген. 1974-жылдан бери журналисттик кесипти аркалап келет.

Олег Панфилов-“Ишеним образы” Эл аралык кинофестивалынын баш байгесин жеңип алган, (1993), Information Safety and Freedom уюмунун “Прессанын эркиндиги үчүн” сыйлыгынын ээси ISF (2009), грузин Ар-намыс Орденинин кавалери (2013). Көптөгөн өлкөдө жарык көргөн 35 китептин, 8 фильмдин, 4000ге жакын макалалардын автору.

XS
SM
MD
LG