Ссылки доступа

Тажик дыйкандары кантип Сталинди "сактап" калышты


Тажикстандын Согди облусунун Ашти Боло айылында совет доорунун жетекчиси Иосиф Сталиндин эстелиги сакталып калган.

Бийиктиги 172 см болгон Сталиндин эстелиги 1956-жылы Молотов атындагы мурдагы колхоздун эмгекчилеринин каражатына тургузулган. Иосиф Виссарионовичтин керт башына сыйынуучулукту жойгон Никита Хрущев башкарган мезгилде дагы бул айкелдин талкаланбай аман калганы таң калыштуу.

Жергиликтүү №14 мектептин окуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы, азыркы тапта пенсионер Рустам Бегматов азыркыга чейин эстеликтин абалына көз салып турат. Анын айтымында, гипстен жасалган бул эстелик убакыттын өтүшү менен абдан эскирди. Беш жыл мурун генералиссимустун сол колу сынып түшүп калган. Айылдык оорукананын дарыгери Жамол Махмудов гипс менен цементти чеберлик менен айкалыштырып, аны калыбына келтирип койгон.

Ашт районунун билим берүүгө көзөмөл кылуу чөйрөсүнүн башкы адиси Арабчон Толибовдун айтымында, негизинен Улуу Ата Мекендик жана Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринен турган “сталинчилер”учурунда эстеликти пахтанын кургатылган сөңгөктөрүнүн арасына бекитип коюшкан экен. Ошондуктан ал Сталиндин эстеликтерин талкалоого көз салган өкмөттүк делегациянын көзүнө чалдыккан эмес.

Толибов 1964-жылы Хрущев отставкага чыккандан кийин гана эстеликти ордуна коюуга мүмкүн болду деп эскерет. Сталиндик доор террор жана репрессиянын миллиондогон курмандыктары менен белгилүү, антсе да улуу муун аны баатыр катары урматташат. Тажикстан ушул убакка чейин сталиндик репрессиялардын курмандыктарынын тизмесин жарыялай элек. Анткен менен өлкөнүн Шириншо Шотемор, Чинор Имомов, Нусратулло Махсум жана Абдулло Рахимбоев сындуу ондогон көрүнүктүү саясий жана маданий ишмерлери ал доордо эл душманы аталып, атууга кеткен.

XS
SM
MD
LG