Ссылки доступа

Жанна Немцова АКШ мамкатчысынын сыйлыгынын лауреаты болуп калды


Орусиялык саясатчы Борис Немцовдун кызы - журналист Жанна Немцова АКШ мамкатчысынын International Women of Courage сыйлыгынын лауреаты болуп калды. Бул сыйлык жылына аялзатынын эр жүрөктүүлүгү үчүн ыйгарылат.

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Теффт белгилегендей, Немцова атасынын өлүмүн тыкыр жана ачык-айкын изилденишине умтулгандыгы, ошондой эле Орусиядагы опурталдуу жна жоопкерчиликсиз пропаганданын бетин ачууга багытталган туруктуу иш-аракеттери үчүн сыйланды.

Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын борборунда өлтүрүлгөн. Тергөө буга Чеченстан Ички иштер министрлигинин “Север” батальонунун мурдагы жоокери Руслан Мухудинов буйрутма берген деп эсептейт. Бирок Немцовдун жакындары менен тилектештери бул жоромолго макул эмес. Алардын пикиринде, өлүмгө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар.

Жанна Немцова “бийлик элитасынын макулдугусуз” атасын эч ким өлтүрө алмак эмес деп бир нече ирет билдирүү жасаган. Ошондой эле расмий иликтөө иштерин сынга алып, орусиялык ММКлар оппозициячыл саясатчыны куугунтуктаган кампания жүргүзүп жатат деп айыптаган. Ага карата коркутуп-үркүтүүлөр болгондуктан ал 2015-жылдын июнунда Орусиядан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG