Ссылки доступа

Казакстанда улут аралык касташууну козутууга айыпталган активисттердин жазасы жумшартылууда


Алматыдагы апелляциялык сотто прокурор жарандык активист Серикжан Мамбеталиндин өкүмүн жумшартып, эки жылга эркинен ажыратып, үч жылга коомдук иштер менен алектенүүгө тыюу салууну өтүндү.

Буга чейин ал улут аралык касташууну козутуу боюнча айыпталып, эки жылга түрмөгө кесилген. Бирок камакка алынган эмес.

Прокурор ушул эле иш боюнча соттолгон Ермек Нарымбаевдин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну өтүндү. Ал үч жылга эркинен ажыратылып, беш жылга чейин коомдук иштерге аралашууга тыюу алган. Нарынбаев дагы эркиндикте, болгону үй камагына алынган.

Нарымбаев күнөөсүн мойнуна албай тургандыгын билдирип, соттон кылмыш ишин жаап, аны бошотууну суранды. Мамбеталин болсо күнөөсүн мойнуна алды. Ал сотко өз алдынча эркин келип, эркин кетти. Нарымбаев үй камагында болгондуктан, сотко аны тартип сакчылары коштоп алып келип, алардын коштоосунда кайра үйүнө кайтты.

Серикжан Мамбеталин менен Ермек Нарымбаев 22-январда касташууну күчөткөн деген айып менен бири эки жылга, экинчиси үч жылга кесилген. Алар социалдык түйүндө “Көчөдөн соккон шамал” аттуу китептен жарыялаган үзүндүдө “казак улутунун ар-намысын мазактагандыгы” үчүн айыпталышкан. Активисттер болсо бул китепти Интернеттен алгандыгын айтып чыгышкан. Адегенде айыптоолорду четке кагышкан менен кийинчерээк жасаган иштерине өкүнгөндүктөрүн билдирип, камактан бошотулушкан болчу.

XS
SM
MD
LG