Ссылки доступа

Бишкек: террорчулукка шектелип жаткан 7 адам кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы теракттарды даярдаган деп болжолдонгон террордук топтун мүчөлөрү кармалгандыгын кабарлады.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, террорчулукка каршы иш-чаралардын жыйынтыгында жети адам колго түштү.

Алар жарандарды террорчулук иштерге тарткан, Жакынкы Чыгыштагы согуш жүрүп жаткан чөлкөмдөргө адамдарды жөнөтүүчү канал түзгөн, Кыргызстанда теракттарды ишке ашырууга даярдык көргөн деп шектелүүдө.

Буга чейин кыргыз бийлиги 500гө жакын жаран, анын ичинде 100дөн ашуун аялдар Сирия менен Ирактагы радикалдуу уюмдарга, анын ичинде «Ислам мамлекетине” кошулуу максатында жөнөп кетишкендигин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG