Ссылки доступа

Дүйшөмбүнүн бардык мечиттери видео көзөмөлгө алынат 


Молдолор кыска убакыт ичинде шаардын бардык мечиттерине видео көзөмөлдөрдү орнотууга милдеттендирилди. Мындай коопсуздук каражаттары мечиттердин жеке акчасына орнотулушу керек.

Шаар мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, бул чаралар мусулмандардын коопсуздугун камсыздап, коомдук тартипти сактоого жана күтүлбөгөн окуялардын алдын алууга багытталган.

Акыркы мезгилде намазга барган мусулмандардын коопсуздугун дарбазанын жанында күзөттө турган милиция кызматкерлери камсыздап келишкен. Алар мечитке өспүрүмдөрдү киргизбей, көз салып турушкан. Анткени бир нече жыл мурун өлкөдө 18 жашка чейинки балдардын мечиттерге барышына тыюу салынган.

Ал ортодо Дин иштери боюнча комитеттин өкүлү Афшин Муким 29-мартта бул чаралар шаардагы мечиттерге гана тиешелүү экендигин кабарлады. Анын айтымында, мындай коопсуздук талаптарын аткаруу үчүн молдолор зекет фондуларындагы каражаттарды колдонсо болот.

XS
SM
MD
LG