Ссылки доступа

Өзбекстандын түрмөлөрүнө открыткалар жөнөтүлүүдө


Amnesty International Эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстандын абактарына открытка жөнөтүү боюнча кампания баштады. Атайын сайтта “Таштүрмөгө”, УКК ТИЗОсуна жана Каракалпакстандагы “Жаслык” колониясына үч түрлүү электрондук открыткаларды жөнөтүү сунушталууда.

Открыткалар орус жана өзбек тилинде жазылган. Алар түрмө админстрацияларына жолдонот. Ичинде кыйноолорго жол бербөө жана камактагылардын адамча жашоосуна шарт түзүү чакырыктары камтылган. Кампанияга катышкысы келгендер каалаган открытканы тандап, өзүнүн аты-жөнүн жазып туруп Өзбекстанга жөнөтсө болот.

Акциянын уюштуруучулары Өзбекстандын сот системасында кыйноолор жана ырайымсыз мамилелердин башка түрлөрү эчак өнөкөт көрүнүшкө айлангандыгын белгилешет. Буга далил катары сайтка мурда абакка жатып чыккандардын жана алардын туугандарынын айтып берген маалыматтары жайгаштырылган.

Amnesty International уюмунун маалыматына караганда, өзбек күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кыйноолорду камактагылардын күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн гана эмес, жакпагандарды жазалоо катары жана акча талап кылуу максатында да колдонушат.

2010-2013-жылдары мындай даттануулар менен Өзбекстандын сотторуна 236 арыз түшкөн. Бирок болгону 11 милиция кызматкери жоопкерчиликке тартылган.

XS
SM
MD
LG