Бул буйрук Адана шаарындагы америкалык консулдуктун кызматкерлерине, Инжирликтин жанындагы базанын аскер адамдарына, ошондой эле Измир менен Мугла аймагындагы америкалык жарандардын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү.
Пентагондун өкүлү Питер Кук аталган чечим конкреттүү коркунучка деле байланыштуу эместигин, болгону адамдардын өмүрүн тобокелге салбоо үчүн этият болууга аракет кылуу максатында кабыл алынгандыгын айтты.
Бул арада АКШ бийлиги жарандарына кайрылып, Түркияга баруудан баш тартуу чакырыгын кайталоодо.
Бир күн мурун Израилдин бийлиги да өз жарандарына ушундай эле эскертүү берген. Түркиянын аймагынан чыгып кетүүнү жана бул өлкөгө барбоону сунушташкан.