Ссылки доступа

Оппозициянын жыйыны 20-апрелге жылды


Бул тууралуу “Кыргызстан патриоттук күчтөрү” координациялык кеңешинин мүчөсү Мамбетжунус Абыловбилдирди. Анын айтуусунда, митингдин жылдырылуусуна Жогорку Кеңештин профилдүү комитетинде Үңкүр-Тоо маселеси каралганы негизги себеп болгон.

Абыловдун сөзү боюнча, координациялык кеңеш парламент комитетинин талаптары ишке ашырылышын күтөт. Комитет чечими ишке ашырылбаса 20-апрелде митинг болот.

29-мартта Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Үңкүр-Тоого байланышкан маселени жабык караган. Аягында комитет Үңкүр-Тоого жайгашкан радио-релейлик станцияны башка жакка көчүрүүгө каршылыгын билдирип, тескерисинче анын функциясын күчөтүүнү талап кылган токтом кабыл алган. Ошондой эле комитет мүчөлөрү Башкы прокуратурага 22-мартта Кербен шаар кеңешинин кароосуна жиберилген өкмөт токтомунун аныктыгын иликтеп чыгууну тапшырган. Жогорку Кеңеш бул иштерди аягына чыгууга Башкы прокуратурага 20-апрелге чейин мөөнөт берген.

XS
SM
MD
LG