Ссылки доступа

Тажикстандын футбол боюнча курма командасынын тренерлери отставкага кетишти


Тажикстандын Футбол федерациясынын жетекчилиги улуттук курама команданын тренердик штабын толугу менен отставкага кетирүү чечимин кабыл алды.

Курама команданын башкы тренеринин милдетин аткаруучу Мубин Эргашев жардамчылары менен кошо ээлеген кызматтарынан айрылышты. 2018-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун экинчи баскычында команда начар оюн көрсөтүп, “В” тайпасында болгону төртүнчү орунга илингендиги үчүн ушундай жаза алышты.

Азия-2019 кубогунун тандоо оюндарына Тажикстандын футбол боюнча курама командасын бөлөк тренердик штаб даярдайт. Жаңы жетекчинин ысымы жакында жарыяланат. Ал жардамчыларын өзү дайындайт.

Кечээ Кыргызстандын футболчулары тажикстандык атаандаштарын 0:1 эсебинде утуп алган.

XS
SM
MD
LG