Ссылки доступа

Самарканддыктар газ куурларынын мыйзамсыз кесилишине каршы


Самарканд облусунун Булунгур районудагы Булунгур Арык айылынын 150дөй жашоочусу газ куурларын кесүүгө каршы акция өткөрүштү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, газ куурлары айылдыктардын жеке акчасына орнотулган, андыктан аны кесип таштоого жол беришпейт. Мындан улам алар көгүлтүр отун менен камсыздоо ишканасынын кызматкерлерин токтоосуз түрдө райондон чыгып кетишин талап кылышты.

Айылда жашаган мугалим билдиргендей, бир нече жыл бою алар газ колдонуп турушкан. Кийин көгүлтүр отунду берүү токтоп калган. “Жашоочулар газ келет деп дагы деле үмүттөнүп жатат. Жергиликтүү бийлик жардам берүүнүн ордуна элдин акчасына орнотулган эки чакырым узундуктагы трубаларды кесип салууну пландоодо”,- дейт агартуучу.

Булунгур районунун газ менен камсыздоо ишканасынын башчысы Тахир Сулайманов бул маалыматты тастыктады.

Анын айтымында, район акими газ келбеген куурларды кесип, түтүктөрдү болсокөгүлтүр отун барган райондор үчүн колдонуу буйругун берген. Куурлар ишкананын карамагында экендигин, бирок жергиликтүү жашоочулардын нааразычылыгынан кийин ишти токтотушканын кошумчалады.

Акыркы убакта Өзбекстанда газ жана электр энергиясынын жоктугуна нааразы болгон учурлар көп кайталанууда.

XS
SM
MD
LG