Ссылки доступа

Казыгурттук «жихадчылар» Назарбаевди опузалашууда


Түштүк-Казакстан облусунун Казыгурт районунун Сирияга үй-бүлөсү менен көчүп кеткен жашоочусу Марат Мауленов Казакстандын бийлигине видеокайрылуу жасады. Видеоролик WhatsApp аркылуу таратылууда.

Төрт мүнөттүк видеороликтин башында куралы бар сакалчан адам башка дагы бир куралчан адам менен кошо “Казакстан жергесине жүрөктөн чыккан кайрылуу” жасап жаткандыктарын айтат. Казыгурттун айрым жашоочулары бул адам Марат Мауленов экендигин таанышкан. Ал эми экинчи адам өзүн Орск жашоочусу Ринат Жумабековмун деп тааныштырат.

Кайрылуу орус тилинде жасалган. Алар “халифат жергесине” үй-бүлөлөрү менен бирге көчүп келишкендиктерин жана мында балдарды шариатка ылайык окутуп жатканын айтышат. Мауленов Казакстанды «Каапырстан» деп атап, “демократия жана шайтан үчүн эмес, Аллахтын сөзүн ардактоо үчүн күрөшүп жатам” деп билдирген.

Былтыркы жылдын сентябрында45 жаштагы Марат Мауленов үй-бүлөсү менен Сирияга сапар алганы жөнүндө маалымат пайда болгон. Анын кошуналары Түштүк-Казакстан облусундагы Казыгурт айылындагы Ораз Жандосов атындагы мектепте орус тилчи болуп иштеген Марат Мауленов жубайы жана алты баласы менен Бишкекке кийим-кечек алуу үчүн кеткендигин айтышат. Мектептин директору ал мугалим иштен бошотулгандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG