Ссылки доступа

Козак Украинадагы жикчилдерди башкарганын четке какты


Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Козак Украинанын чыгышында өзүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" деп жарыялаган аймактагы жикчилдер менен байланышы бар экенин жана аларды башкарууну колго алган деген маалыматтарды төгүндөдү.

Мурдараак Германиядагы Bild басылмасы аталган аймактар Москвадан туруп тымызын башкарылып жатканын жазган. Журналисттик иликтөөдө айтылгандай, жикчилдер менен Орусиядагы 5 министрликтин өкүлдөрүнөн турган 6 топ иштеген. Арасында вице-премьер Дмитрий Козак, Экономикалык өнүгүү жана Каржы министрликтеринин орун басарлары Сергей Назаров менен Леонид Горнин да аталган.

Басылма жарыялаган макаладагы маалыматтар чындыкка жакын эместигин Козактын басма сөз катчысы Орусиянын “Дождь” телеканалына билдирген.

XS
SM
MD
LG