Ссылки доступа

Москвада «экстремизмге шектелгендер» кармалды


Москвада укук коргоо кызматкерлери тарабынан жыйырмага чукул адам экстремисттик топторго тиешеси бар деген шек менен кармалды. Бул жөнүндө орусиялык ММКлар жазып чыкты.

“Интерфакс” маалымдагандай, Түркиянын жасалма паспорту менен жүргөн адамдар колго түшкөн. “РИА Новости” болсо, өздүк булактарына шилтеме берүү менен кармалгандар Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” тобунун тарапташтары экенин билдирди. Алдын-ала маалыматтар боюнча бул жарандар Москвада экстремисттик топко жаңы мүчөлөрдү тартуу менен алектенишкен.

Бир күн мурун Петербургдагы сот Сергей Яблоков аттуу тургунду тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” (“Ислам боштондугу партиясы”) уюмунун жергиликтүү бөлүмүн башкарган деген айып менен 12 жарым жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG