Ссылки доступа

КР өкмөтү туризмге артыкчылык берүүдө


“Кыргызстан – асман тиреген тоолордун мекени” аттуу аталыш өлкөнүн эл аралык туристтик рыногундагы негизги бренд болуп калды. Бул туурасында 2016-2017-жылдарга карата туризмди өнүктүрүү программасын тааныштыруу учурунда айтылды.

КР премьер-министри Темир Сариев азыркы тапта дүйнөлүк туристтик рынокто окуялуу туризмге болгон суроо-талап жогору экендигин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан дал ушундай өлкө боло алат, анткенимаданий жана табигый өзгөчөлүккө ээ жерлер арбын.

Белгилүү болгондой, дүйнөдөгү 66 өлкөнүн жарандары Кыргызстанга визасыз келе алышат.

2015-жылдын аягында британиялык The Guardian басылмасы Кыргызстандагы альпинизмдин артыкчылыктары туурасында материал жарыялаган. 2016-жылдын башында британиялык Financial Times гезити Кыргызстанды саякаттоо үчүн ылайыктуу 7 өлкөнүн катарына кошкон.

Business Insider эл аралык жаңылыктар порталы Кыргызстанды туристтер 2016-жылы барууга тийиш болгон 12 туристтик өлкөнүн катарына киргизген.

Орусиялык туроператорлордун маалыматына караганда, өлкө 2016-жылы орусиялыктар үчүн эң жагымдуу багыттарды бири болууда. Ушул жылы республикага 100 миңден ашуун орусиялык туристтердин келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG