Ссылки доступа

Пентагон: Чыгыш Европа АКШнын аскерий колдоосуна ээ болушу керек


АКШ Коргоо министрлиги төрт миң аскерин Чыгыш Европанын бир катар өлкөлөрүнө – Литва, Латвия, Эстония, Польша, Румыния жана Болгарияга жайгаштырууга даярданууда.

Ошондой эле аталган өлкөлөрдө 250 даана бронетехника – танктар, “Бредли” жөө аскер согуштук унаалары жана “Паладин” өз алдынча жүрүүчү гаубицалары да жайгаштырылмакчы.

Америкалык Wall Street Journal басылмасы АКШ коргоо министринин орун басары Роберт Уорк бул кадам аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн Вашингтондун Орусиянын агрессиялык умтулууларынан коргоп калууга болгон даярдыгынан күмөн саноосуна байланышкандыгын белгиледи.

Американын Европанын чыгышындагы аскерлеринин санын арттыруу пландары 2017-жылдын февралында ишке ашырыла баштамакчы. Ага чейин план АКШ Конгрессинин макулдугун алышы керек.

Пентагон Европадагы аскерий жардамга чыгымдарды көбөйтүү планын ушул жылдын февралында билдирген. Түндүк Атлантика кошууну Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Чыгыш Европада топтолгон аскерий куралдануусунун санын көбөйтө баштаган. Андан тышкары, бул аймактагы кубаттуу батыш өлкөлөрүнөн аскерлерди ротациялоо тартибин ишке киргизген.

XS
SM
MD
LG