Ссылки доступа

Тажикстанда 34 жарандын Сирия менен Иракка чыгып кетишине бөгөт коюлду


Тажикстандын Башкы прокуратурасы кабарлагандай, 34 жарандын Сирия жана Иракка чыгып кетишине бөгөт коюлду. Бул өлкөлөргө кетип калган дагы 147 жаран мекенине кайтарылды.

“Ислам Мамлекети” тобунун туусу алдында согушуу үчүн өлкөдөн чыгып кетип, бирок кийин кайра бул жосундарына өкүнүп, үйүнө өз каалоосу менен кайтып келген жарандарга бийлик мунапыс берүүнү убада кылууда.

Расмий статистика боюнча Сирия менен Иракта тажикстандык 1000ден ашуун адам жүрөт. Алар ИМге кошулуп кетишкен. 150дөй адам уруш талааларында курман болгону маалым. Дагы ондогон жаран Ооганстан жана Пакистандагы “Аноррулох”, “Өзбекстан Ислам кыймылы” уюмдарына мүчө болгон.

Өлкөнүн Башкы прокурору Юсуф Рахмон кабарлагандай, экстремисттик топторго кошулган жарандардын 85 % Орусияга иштегени барып, андан ары азгырылып кетишкен.

XS
SM
MD
LG