Ссылки доступа

Казакстан: Наристенин өлүмү боюнча иш сотко жөнөтүлдү


Жамбыл облусундагы киши колдуу болуп каза тапкан наристенин иши сотко келип түштү.

Бул туурасында Жамбыл облусунун кылмыш иштери боюнча райондор аралык атайылаштырылган сотуна шилтеме берүү менен “Новости-Казахстан” агенттиги кабарлады. Аталган кылмышка ушул эле айылдын 18 жаштагы тургуну шектелүүдө.

«Кылмыш иши сотко келип түштү жана аны судья Азамат Тлепов карай турган болду", - деп билдирет агенттик. 1998-жылы туулган Дурсун Каваз-оглы “адам өлтүрүү” беренеси менен айыпталууда. Иш кайсы күнү карала тургандыгы белгисиз. Ал азыр камакта.

Эске салсак, 15-февралда Байзак районунун Бурыл айылындагы жер үйдө зомбулуктан каза болгон ымыркайдын жансыз денеси табылган. Эки күн бою айылда толкундоолор болуп, полиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, көчөлөрдө атайын бөлүктүн куралчан жоокерлери нөөмөттө турушкан.

Шектелген адам кийинки күнү колго түшкөн. Тартип сакчылары аны камакка алып, ал көрсөтмө берген. Полициянын ырасташынча, кылмышкер наристенин үй-бүлөсүн тоноого барып, өлтүрүп алган.

XS
SM
MD
LG