Ссылки доступа

Орусия Сириядагы техникасынын басымдуу бөлүгүн алып кете элек


Америкалык ABC телекомпаниясы америкалык расмий өкүлдөрдүн арасындагы өздүк булакка шилтеме берүү менен Орусиянын Сириядагы аба кампаниясына катышкан аскерий учактардын басымдуу бөлүгү орусиялык базаларга кайтарылбагандыгын кабарлады.

Америкалык аскерий өкүлдөрдүн ырасташынча, орусиялык аскерлер чыгарылат деп жарыя кылуунун алдында Латакия шаарынын жанындагы базада 42 орусиялык чабуулчу жана бомбалоочу учактар бар болчу. Азыр ал жакта 28 аба кемеси калышы мүмкүн. Сирияда бардык 18 тик учак да алынып кете элек. Алардын айрымдары өкмөттүн аскерий күчтөрүнө колдоо көрсөтүүсүн улантууда.

АВСтин маалыматына ылайык, орус танктары менен артиллериясы да сирия армиясына кол кабыш кылууда. Ал эми авиациясы менен артиллериясы Пальмира шаарын бошотуу боюнча салгылашууда негизги ролду ойногон. Ошондой эле орусиялык аскерий кемелер Сирияга аскерий жабдуларды жеткирүүсүн улантып жатышкандыгы айтылууда.

Орусия армиясынын Сириядан кете электиги Москванын бул аймакта качанкыга чейин калууга ниети бар экендиги боюнча суроолорду жаратууда.

АКШ коргоо министри Эштон Картер Вашингтон Орусиянын Сириядагы таасири күчтүү экенин билдирип, муну жарандык согушту токтотуу үчүн колдонуу зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG