Ведомство кабарлагандай, легалдуу эмес жүргөн мигранттарды ыкчам аныктоо максатында Москванын транспорттук түйүндөрүнө жакын жерлерде кайгуул кызматы ишке киришти.
Бул иш чет өлкөлүк жаранды миграция кызматынын маалыматтык базасы аркылуу тез текшере турган жана анын Орусиянын аймагында жүрүшүнүн мыйзамдуу экендигин тастыктоочу атайын жабдуулары бар унааларда жүргүзүлөт.
ФМК басма сөз кызматы белгилегендей, миграциялык кайгуулдун башкы милдети – мыйзам бузуулардын алдын алуу, укуктук ченемдерди түшүндүрүү.
Кызмат ушул жол менен чет өлкөлүк жарандарда “миграциялык кызматтын өкүлдөрү менен түздөн-түз баарлашып, суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгү жаралат” деп белгилөөдө. Анын ичинде Москва, Подмосковьенин миграциялык борборлорунда патент алууга, Орусиядагы миграциялык каттоо мөөнөтүн узартууга байланышкан суроолор боюнча жардам алса болот.