“Мен башынан эле апамдын фамилиясын алып жүргөм. Эми, паспортумду дагы алмаштырайын деп жатам. Тууганчылык байланыштарыман улам кандай гана психологиялык маселелер болбоду. Бул жөнүндө досторуман да сурап көрсөңөр болот”,-деди Алия Шигаева
Ал озунуп бир дагы маалымат агенттигине кайрылбаганын, басылмалар өздөрү суранып, маек курушканын белгиледи. Интервью учурунда дагы чыныгы тек-жайын ачыкка чыгарбаганын кошумчалады.
Буга чейин Алия Шигаева Бишкекте сүрөт көрөзмөсүн уюштурган эле. Чогулган акчалардын баарын, тактап айтканда 200 миң сомду кайрымдуулук иштери үчүн жумшаган. Каражат даун синдрому менен төрөлгөн балдардын дарылануусуна бөлүнөрү кабарланган.