Ссылки доступа

Түркияда орусиялык учкучту өлтүрүүгө шектелген адам кармалды


Түркияда орусиялык учкуч Олег Пешковду өлтүрдү деп шектелген адам кармалды. Учкуч 2015-жылдын 24-ноябрында түрк аскердик-аба күчтөрүнүн аткылоосуна кабылган СУ-24 учагынан парашют менен секирип түшкөнгө аракет кылган.

Орусиялык ММКлар дал ушул Алпарслан Челик парашют менен түшүп келе жаткан Пешковду атып салганын мойнуна алууда деп жазып чыгышты.

Түркиялык "Хуррийет" гезити шаршембиде Измир шаарынын ресторандарынын биринде 14 адам камакка алынгандыгын, анын ичинде Алпарслан Челик да болгондугун кабарлайт. Гезиттин маалымдашынча, колго түшкөндөр Сирия президенти Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн достор болгон. Полиция аларды ресторанда куралчан адамдар отурат деп белгисиз адам телефон чалгандан кийин кармаган. Шектүүлөр жанына көп сандаган октору менен Калашников автоматын жана эки пистолетти алып жүрүшкөн.

Түркия Орусиянын СУ-24 учагын атып түшүргөндөн кийин Москва менен Анкаранын ортосундагы мамиле кескин курчуган. Натыйжада Орусия Түркияга каршы бир топ санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG