Ссылки доступа

Казак мушкерлери Олимпиадага жолдомо алышты


Кытайдагы Цзяньан шаарында өткөрүлгөн Азия менен Океаниянын квалификациялык турниринде эки казакстандык мушкер жеңишке жетишти. Турнир Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиадага жолдомолорду бөлүштүрүү максатында өткөрүлгөн.

64 килограммга чейинки салмактык категорияда беттешкен Абылайхан Жусипов финалда кытай мушкери Цянксун Ху менен таймашы, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти. Аталган мелдештин эрежесине ылайык, ар бир салмак категориясындагы үч финалист Олимпиадага катышуу үчүн жолдомого ээ болот.

Экинчи жолдомону 2013-жылдын чемпиону Жанибек Алимханулы утуп алды. Ал 75 килограммга чейинки салмактык категорияда беттешкен. Жарым финалдык таймаштын экинчи раундунда судья беттешүүнү токтотуп, Алимханулы монголиялык Шинебаяр Нармандахдыны техникалык жактан утуп алды деп жарыялаган.

56 килограммга чейинки салмактагы Кайрат Ергалиев индиялык мушкер Шива Тапага жеңилип калып, жолдомого жетүү үчүн эми филиппиндик Марио Фернандес менен таймашка чыгаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG