Ссылки доступа

Назарбаев: ЕАЭБ – экономикалык долбоор


Евразия Экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) «экономикалык гана долбоор» жана Советтер Союзун калыбына келтирүү туурасында сөз жок. Мындай пикирин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Вашингтондо баяндама жасап жатып билдирди.

Казакстандын президенти Кошмо Штаттарга ядролук саммитке катышуу үчүн келген.

Расмий булактар Назарбаев “Евразия чөлкөмү дүйнөлүк саясаттагы негизги геосаясий жана геоэкономикалык фактор болуп саналат” деп белгилегендигин кабарлашты.

“Бул – товар жүгүртүүнүн, кызмат көрсөтүүнүн, капиталдын, эмгек ресурстарынын бирдиктүү эрежелери колдонулган экономикалык бирикме. СССРди калыбына келтирүү туурасында сөз да жок экендигин баса белгилеп койгум келет. “Суук согуш” мезгилиндеги мындай стереотиптерден арылууга мезгил жетти. Алар бизге келечекке ишеним менен кароого жолтоо болот", - деди Назарбаев.

Орусия жетектеген ЕАЭБ курамына Казакстандан тышкары Армения, Беларусь жана Кыргызстан кирет.

XS
SM
MD
LG