«Азыркы тапта турак жай, унаа жана башка кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу, ошондой эле жеке ишкердик чөйрөсүндөгү соода доллар менен жүргүзүлүп, мындан улам доллардын куну көтөрүлгөн сайын баалар да кымбаттоодо”, - деп билдирди “Азаттыктын” Түркмөнстандагы баяндамачысы Аманмурад Бугаев.
Ал маалымдагандай, соода-сатык документтеринде төлөм манат аркылуу жүргүзүлдү деп көрсөтүшүп, бирок доллар менен эсептешип жатышат. Түркмөнстанда чет өлкөлүк валюта менен эсептешүүгө тыюу салынган.
Түркмөн манатынын расмий куну 2015-жылдын январынан тартып өзгөрбөй, 1 АКШ доллары 3.50 манатты түзүп келет. Бирок Түркмөнстандын Борбордук банкынын 2016-жылдын 12-январындагы чечими менен калкка чет өлкөлүк валютаны сатууга тыюу салынган.