Ссылки доступа

“Истиклол” алтынчы ирет Тажикстандын Суперкубогун жеңип алды


“Хожент” командасын 3:2 эсебинде утуп алган "Истиклол" командасы Тажикстандын футбол боюнча Суперкубогуна алтынчы ирет ээ болду.

Жекшемби, 3-апрелде Турсунзаде шаарындагы «Металлург» стадионунда былтыркы сезондун жеңүүчүсү “Истиклол” менен өлкөнүн вице-чемпиону “Хожент” командаларынын ортосунда Тажикстан Суперкубогу-2016 матчы болуп өттү.

Тажикстандын Суперкубогу 2010-жылдан тартып уюштурулуп келет. Аны алгачкы ирет “Истиклол” командасы утуп алган. Кийин бул команда 2011, 2012, 2014 жана 2015-жылдары да жеңишти колдон чыгарган эмес. Болгону бир ирет гана – 2013-жылы Суперкубок кулябдык «Равшанга» ыйгарылган. Ал Куляб шаарындагы беттешүүдө Турсунзаде шаарынын «Регар-ТадАЗ» командасын 2:1 эсебинде утуп алган.

XS
SM
MD
LG