Арасында министрликтин Мүлк департаментинин документтери бар экени айтылууда. Ал департаментти мурда башкарган Евгения Васильева алдамчылык кылган деп күнөөлөнүп жаткан эле.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өрт толугу менен өчүрүлгөнүн жекшембиде түштөн кийин билдирди.
3-апрель күнү имараттын үчүнчү кабатын өрт чалган. 40 адам өз алдынча чыгып кетип, жети киши болсо эвакуацияланган. Тилсиз жоону өчүрүүгө жүздөн ашуун адистер тартылган. Кырсыкка электр жабдыктарынын күйүп кетиши себеп болгону болжолдонууда.