Ссылки доступа

Нурсултан Назарбаев Рауль Кастро менен жолукту


Ишемби күнү Кубага иш сапары менен келген Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев аталган өлкөнүн Мамлекеттик кеңешинин жана министрлер кеңешинин төрагасы Рауль Кастро менен жолугушту. Бул туурасында Назарбаевдин басмы сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, жолугушуу учурунда соода-экономикалык ишмердүүлүк, билим берүү, маданият, спорт, айыл чарба жаатындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Президенттин расмий сайтында белгиленгендей, Нурсултан Назарбаев менен Рауль Кастро саламаттык сактоо, фармацевтика жана биотехнологиялар чөйрөсүндөгү өз ара мамилелерге өзгөчө басым жасашты. Аталган тармактарда казак жана куба адистеринин ортосунда тажрыйба алмашуунун зарылдыгы белгиленди.

Казакстан 2017-2018-жылдарга карата БУУ Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгон жана аны Куба дагы колдогон. Назарбаев буга канааттангандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG