Ссылки доступа

Греция карыздар жөнүндө маектин ачыкталгандыгына нааразы


Грециянын бийлиги Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну кандайча элге жайылып кеткендигин түшүндүрүп берүүнү фондунун жетекчилеринен талап кылды.

Wikileaks сайтында жарыяланган сүйлөшүүлөрдүн жаздырып алынган көчүрмөсүндө Афинага жардам берүү туурасында келишимге жетүү үчүн Греция, Германия жана Евробиримдикке кысым көрсөтүү ыкмалары талкууланган.

19-мартта болгон сүйлөшүүлөрдүн мазмунуна караганда, ага катышкандардын бири чечим кабыл алууну тездетүү үчүн кандайдыр бир кризистик жагдай түзүп коюу мүмкүндүгүн айткан.

Греция менен анын кредиторлору болгон Германия, ЕБ жана ЭВФ ортосундагы кезектеги сүйлөшүүлөр кийинки жумада өтүшү керек. Былтыр Греция банкрот болуудан кутулуп, евроаймакта калуу үчүн ЭВФ менен ЕБдан миллиарддаган каржылык жардам алгандыгы үчүн өлкөдө ири жана оор реформаларды жүргүзүүгө мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG