Ссылки доступа

Сирияда согушкерлердин лидери жок кылынды


Сириянын Идлиб провинциясында "Фронт ан-Нусра" экстремисттик тобунун лидерлеринин бири Абу Фирастын өлтүрүлгөнү кабарланууда.

Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын байкоо уюму билдиргендей, “сириялык” деген каймана ат менен белгилүү болгон Фирас аталган топтун жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш милдетин аткарчу. Бомбалоо учурунда Фирастын баласы жана 20га чукул согушкер жок кылынган. Аларга соккуну Сириянын өкмөттүк күчтөрү же орусиялыктар урган болушу мүмкүн.

Орусия менен АКШнын Сирияда согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу келишими 27-февралда күчүнө кирген. Ал эл аралык коомчулук экстремисттик деп тааныган уюмдарга жайылтылбайт. Келишим күчүнө киргенден бери Сириядагы бийлик менен оппозициянын элдешүү жараяны негизинен сакталып жатканын эки тарап тең билдирип келатышат.

XS
SM
MD
LG