Ссылки доступа

Ермегияевдин сотун тасмага тартууга чектөө киргизүү сунушталууда


Казакстандагы «Астана ЭКСПО-2017» улуттук компаниясынын башкармалыгынын мурунку төрагасы Талгат Ермегияевдин жана бир катар жогору кызматтагы кызматкерлеринин үстүнөн болгон сотто жабырлануучу тарап жараянды сүрөткө жана видеого тартууга чектөө киргизүүнү өтүндү.

«Астана ЭКСПО-2017» компаниясынын өкүлү Майя Егимбаева бул өтүнүчүн журналисттердин соттук жараяндын жүрүшүнө жолтоо болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Башкы айыпталуучу Талгат Ермегияев да бул өтүнүчтү колдоду. Калгандары сот кандай чечим чыгарса, ошого макул боло тургандыктарын билдиришти. Судья Адилхан Шайхисламов отурумду улантып, бул боюнча чечимди кийинчерээк чыгара тургандыгын айтты.

Ермегияевдин иши боюнча алдын-ала соттук угуулар 18-мартта Астана шаарынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык сотунда башталган. Буга чейин кабарлангандай, соттук отурумга фото жана видео репортерлорду гана киргизишкен. Башка журналисттер отурумдун ишине монитор орнотулган башка бөлмөдөн көз салып турушат. Ошондой эле журналисттерден сот залына кирген учурда гажеттер менен уюлдук телефондорун алып кирбөөнү талап кылышкан.

Талгат Ермегияев 2015-жылдын июнунда «Астана ЭКСПО-2017» компаниясындагы иликтөөнүн алкагында кармалган. Аны 4,2 миллиард тенгени (22 миллион доллардан ашуун) мыйзамсыз сый акы катары алган, башка бирөөнүн мүлкүн менчиктеп алып, чыгымдап жиберген деп айыпташууда.

XS
SM
MD
LG