Ссылки доступа

Нью-Йоркто Владимир Маяковскийдин кызы кайтыш болду


Нью-Йоркто Патриция Томпсон аты менен белгилүү философ жана жазуучу Елена Маяковская кайтыш болду. Ал акын Владимир Маяковскийдин кызы болчу. Бул туурасында "Фейсбукка" Маяковский атындагы музейдин директору Алексей Лобов билдирди.

Ал 89 жашта болчу. 90-жылдык мааракесине карата музей үй бүлөлүк архивдеги буюмдарды коюп, көргөзмө уюштурууну максаттап жаткан.

Владимира Маяковскийдин кызы Патриция Томпсон өмүр бою АКШда жашаган. Анын энеси Елизавета Зиберт менен акын 1925-жылы Нью-Йоркто таанышкан. Патриция атасы менен байланышты эч качан үзгөн эмес. Акынды ал өмүрүндө бир гана жолу-эки жашында көргөн. Бирок бул жолугушуу түбөлүккө эсинде сакталып калганын айтчу.

XS
SM
MD
LG