Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө Кожо Халимдин бозгун жээни соттолду


Дүйшөмбү шаарынын соту коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын (Кожо Халимдин) жээнин 3,5 жылга эркинен ажыратты. Ал былтыркы жылдын сентябрь окуяларынан кийин Орусияда жашырынып жүргөн жеринен кармалган.

Дүйшөмбүнүн шаардык соту аны кылмыш туурасында кабарлабагандагы үчүн 3,5 жылга абакка кести. 28 жаштагы Алишер Назаров Орусиядан кармалып, Дүйшөмбүгө жеткирилген. Анын атасы, Кожо Халимдин бир тууганы Абдурахим Назаров расмий маалыматтарга караганда, 2015-жылдын 15-сентябрындагы атышуулар учурунда каза болгон. Сот ошондой эле Муккамиловдордун үй-бүлөсүнүн үч мүчөсүн да көтөрүлүшчү генералдын ок атуучу куралын жашырган деп күнөөлөдү.

2015-жылдын сентябрында Тажикстандын бийлиги коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданы куралдуу көтөрүлүш чыгарган деп айыптап чыккан. Ал Рамит капчыгайында өлтүрүлүп, 200гө жакын адам кармалган. Атышуу учурунда күч түзүмдөрүнүн 17 кызматкери набыт болгон.

Кийинчерээк бийлик Ислам кайра жаралуу партиясын төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптап чыккан. Бирок азыр Тажикстанда тыюу салынган бул партия айыптоолорду четке какты.

XS
SM
MD
LG