Ссылки доступа

Казакстанда эки үй бүлө баш паанексиз калуу коркунучунда


Казакстан Акыйкатчысы Караганда жана Алматыда бийликтин жаңылыш аракеттеринен улам эки үй бүлө үйүнөн чыгарылып жатканын билдирди.

Маалымдалгандай, карагандалык Карипбеков жана алматылык Коржинбаевдин үй бүлөсү айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам көчөгө калуу коркунучунда.

Карипбековдордун үй бүлөсүнө 2012-жылы бийлик турак жай ыйгарган. Бирок үйгө ээлик кылуучу документтерди беришкен эмес. 2015-жылы тамдан чыгаруу үчүн бийлик сотко кайрылат. Сот башка үй таап бергенден кийин гана мурдагы турак жайды мамлекеттин карамагына алуу бүтүмүн чыгарат. Бирок бул маселе азыркыга чейин чечиле элек.

Коржинбаевдердин үйү дагы талашка түшөт. Үй бүлөнүн апасы Светлана Тургунбаева 2012-жылы өзүн-өзү өрттөп, мерт кеткен. Омбудсмен кабарлагандай, кийинчерээк анын жолдошу Зейш Коржинбаев дагы курман болот. Эми артында калган үй бүлөнүн тогуз мүчөсү баш паанексиз калганы турат.

Бул эки окуя тең бийликтеги айрым кызматкерлердин ойлонулбаган аракеттеринин айынан ортого чыкты. Акыйкатчы алардын бул жоруктары мыйзамсыз экендигин белгилейт.

XS
SM
MD
LG