Ссылки доступа

Обама жана Столтенберг ИМге каршы күрөшүүдө НАТОнун ролун талкуулашты


НАТО коопсуздук жана терроризм менен күрөштө Вашингтондун негизги өнөктөшү болуп кала берет. Мындай билдирүүнү АКШ президенти Барак Обама НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Барак Обама билдиргендей, жолугушууда НАТОнун Ливиядагы ролу жана мигранттар маселесин чечүүдө альянстын Евробиримдикке көрсөтө турган колдоосу талкууланды. Айтымында, согушкерлер менен күрөшүүдө Ливияга жардам берүү жана Ирак менен Иорданияда аскердик күчтөрдү даярдоо аркылуу “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүүдө НАТО маанилүү позицияны ээлейт.

Обама бийлик иштеп баштаган Ливия сыяктуу региондогу операцияларда туруктуу кызматташтыкты улантып жатканын кошумчалады.

Столтенберг ИМ ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Ливия сындуу өлкөлөрдө альянс жардам берүүсүн улантарын жана абалдын турукташтыруу жолдору каралып жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG