Ссылки доступа

Москванын муфтийи: мусулмандар ыймандуулуктан жана принциптеринен ажырап жатышат


Москванын муфтийи Ильдар Aляутдинов "Озоди" радиосуна берген эксклюзивдүү маегинде Тажикстан жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн келген мигранттардын радикалдуу топторго кошулушунун себептерин түшүндүрдү.

Анын айтымында, постсоветтик өлкө жаштарынын Ирак менен Сириядагы согуштук иш-аракеттерге көбүрөөк тартылып кетип жаткандыгына диний сабатсыздык, ыймансыздык, турмуш шарттын начардыгы негизги жүйө болууда.

"Кээде жаштар бизге кайрылып, кетүүгө ниеттенип жаткандыктарын айтышат. Себебин сурасак, өз алдынча чече албай турган психологиялык көйгөйлөргө дуушар болгону айкын болот. Алар бул көйгөйлөрдү чечүү мамлекеттин колунан келбей тургандыгын түшүнүп турушат. Ошон үчүн кетүүгө мажбур. Экинчи жагынан алганда, бизде руханий көрөңгөдөн куру жалак калган миллиондогон, жок, миллиарддаган мусулмандар бар”, - дейт Ильдар Аляутдинов.

“Айрымдарын алдап кетишет, басынтышат, ар-намысына шек келтиришет. Аларды адам катары көрбөсө, мында өздөрүн ким деп сезе алышат? Ал эми Ирак менен Сирияга согушка барып, колдоруна автомат алганда, өздөрүн кемсинткендерге, шылдыңдагандарга каршы күрөшүп жатам деп элестетишет. Өздөрүн баатыр сезишет. Бул өлкөлөргө согушка кеткен ар бир адамды ушул кадамга түрткөн министр, депутат, мамлекеттик кызматкер же имам бар”, - деп кошумчалады муфтий.

(Каалоочулар болсо, ММКлар үчүн Москва муфтийи Ильдар Аляутдиновдун орус тилиндеги маегинин түп нускасын сунуштайбыз)

XS
SM
MD
LG