Ссылки доступа

С.Дустов: "Панама-гейт" Борбор Азиядагы режимге таасир этпейт


Саясий маселелер боюнча эксперт Саймуддин Дустов бир катар мамлекет башчыларынын офшордук аймактарда топтоп алган каражаттары туурсындагы иликтөөлөр Борбордук Азиянын Кремль менен ымалалаш өлкөлөрүндөгү режимге эч кандай таасир эте албай турганына күмөн санабайт.

Саймуддин Дустов “бул өлкөлөрдөгү аткаминерлер бийликти байлык топтоо мүмкүнчүлүгү катары карашат. Алардын башкы максаты – өзүн гана эмес, тууган-туушкандарын, балдарын, жердештерин жана башка жакындарын байытуу. Дал ушундан улам мындай иликтөөлөр аталган режимдердин саясий же иш жүзүндөгү абалына таасирин тийгизбейт”, - деп билдирди.

Дустовдун пикиринде, мындай иликтөөлөрдөн кийин мыйзамсыз байлык ээлери акчаларын катуунун жаңы жолдорун издей башташат. «Борбордук Азиядагы төрт өлкөнүн өзгөчөлүгү – жетекчиликтеги элита мамлекеттин бардык байлыгын колуна топтоп алгандыгында. Алар өлкөлөрүндөгү жердин, суунун жана башка жандуу нерселердин бардыгына ээлик кылышат. Бирок алардын ысымдарын иликтөөнүн тизмесинен табуу оңой эмес”.

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор (OCCRP), Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ), WikiLeaks жана башка дүйнөлүк МММлардын сайттары жекшембиде Орусия, Азербайжан, Украина, Сербия, Исландия, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн бийлик башындагылардын коррупцияга аралашкандыгы боюнча көлөмдүү материалды жарыялаган. Анда Орусияга өзгөчө көңүл бурулуп, Владимир Путинге жакын адамдар "Орусия” банкы жана панамалык офшор компаниялары аркылуу 2 миллиарддан ашуун долларды “адалдап” алганы айтылат.

XS
SM
MD
LG