Ссылки доступа

Офшордон Назарбаевдин небересинин "кулагы көрүндү”


Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин 31 жаштагы небересинин кымбат баалуу яхтасы жана Кипрде эсеби бар болуп чыкты.

Нурали Алиев – офшордук аймактарда арам акчаны “адалдоо” боюнча масштабдуу эл аралык схемаларды иликтеген “Панама-гейтте” борборазиялыктардын ичинен тизмеге кирген жападан-жалгыз адам.

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбор (OCCRP) бир катар басылмалар менен бирдикте жүргүзгөн иликтөө көрсөткөндөй, казак президентинин 31 жаштагы небереси жана “ыктымалдуу мураскорунун” Британиядагы Виргиния аралдарындагы кеминде эки компанияга түздөн-түз тиешеси бар.

Нурали Алиевдин офшорлорго болгон кызыгуусу алгачкы жолу 2008-жылы байкалган. Бул анын атасы Рахат Алиевдин казак бийлиги менен ыркы келишпей калган учурда болгон. Ал мезгилде болочок мультимиллионер Британиянын Виргиния аралдарында (BVI) катталган Baltimore Alliance Inc. Компаниясынын акцияларына ээси болчу. Ушул эле жылы аталган компания 23 метрлик Nomad моторлуу яхтасын сатып алган жана аны Mossack Fonseca компаниясы каттаган. Документтерде аны баасы көрсөтүлгөн эмес. Бирок иликтөөнүн авторлору анын наркы 1,8 миллион долларга барабар экендигин айтып чыгышты.

Алиевдин экинчи офшордук компаниясы – Alba International Holdings Ltd. Ал да Виргиния аралдарында катталган. Компания анын Кипрдеги эсептерин тейлөө үчүн колдонулат. 2014-жылдан тартып компаниянын ээси болуп Invigorate Group эсептелинет.

2013-жылы 27 жаштагы Нурали Алиев казакстандык Forbes журналы жарыялаган Казакстандын 50 эң бай адамдарынын ичинен 32-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG