Ссылки доступа

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3,8 млрд долларга жетти


2015-жылдын соңуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 288,8 млрд сомду (3,8 млрд доллар) түздү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Тышкы карыз 273 млрд сом (3,6 млрд доллар) болуп, жалпы карыздын 95%ын түзсө, ички карыз 15,5 млн сом (204,0 млн доллар) болуп, жалпы карыздын 5%ын түзгөн.

2015-жылга жалпы мамлекеттик карызды төлөө үчүн 14,3 млрд сом каралып, тышкы мамлекеттик карызды төлөөгө 7,4 млрд сом, ал эми мамлекеттик ички карызды төлөөгө 6,8 млрд сом жумшалган.

Буга чейин Каржы министрлиги Кытайга болгон карыз 1,1 миллиард доллар экендигин ачыктаган. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (652 миллион доллар) жана Азия өнүктүрүү банкына (565 миллион доллар) бересебиз бар.

XS
SM
MD
LG