Ссылки доступа

Исландиянын премьер-министри Гуннлёйгссон отставкага кетиши мүмкүн 


Исландиянын премьер-министри Сигмундур Давид Гуннлёйгссон коалициялык өкмөт жетекчилигинен кетүү жөнүндө арызын бергендиги маалым болду. Мындай чечимди саясатчы офшордо катылган каражаттар боюнча эл аралык журналисттик иликтөөлөр жарыялангандан кийин кабыл алган.

Associated Press агенттиги билдиргендей, өлкө президенти Гуннлёйгссондун отставкасын кабыл алдыбы-жокпу, азырынча белгисиз.

Буга чейин миңдеген исландиялыктар Рейкьявиктеги өлкө парламентинин алдына премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылып митингге чыгышкан. Панамалык Mossack Fonseca юридикалык фирмасын иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча исландиялык премьер-министр менен анын жубайынын офшордук фирмасы бар экендиги аныкталган. Бирок ал фирмадагы үлүшүн саясатчы 2009-жылы парламентке шайлангандан кийин көрсөткөн эмес.

Исландиялыктардын Гуннлёйгссонго нааразы болушунун негизги себеби – өлкөдө 2008-жылдан тарта валюталык жөнгө салуунун катаал чаралары колдонулуп, капиталды алып чыгууга жана алып кирүүгө чектөө киргизилгендигине карабастан, анын үй-бүлөсүнүн чет өлкөдө купуя каражаттарынын болгондугу. Mossack Fonseca ачыктаган документтерде премьердин үй-бүлөсүнүн мурастап калган каражаттары туурасында сөз болгон.

XS
SM
MD
LG