Ссылки доступа

Сирияда орусиялык офицер каза тапты


Сирияда орусиялык офицер Вадим Тумаков набыт болгонун орусиялык ММКлар кабарлашты.

Алардын маалыматы боюнча жоокердин сөөгү туулуп-өскөн жерине-Соль-Илец районунун Покровка айылына жеткирилди. Бул окуя бир жарым жума мурун болгон.

Белгиленгендей, Вадим Тумаков "Витязь" атайын бөлүгүндө кызмат кылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы орусиялык аскерий кампания учурунда алты адам каза тапканын моюндаган. Тумаковдун өлүмүн министрлик азырынча ырастай элек. Буга чейин Орусиянын атайын бөлүгүнүн дагы бир жоокеринин каза болгондугу кабарланган.

XS
SM
MD
LG