Жыйнакта Эмомали Рахмон туурасында публицистикалык жана көркөм мүнөздөгү 2256 чыгарма бар. Эң алгачкы ыр 1994-жылга таандык.
Басылма Тажикстан Улуттук китепканасынын директорунун орун басары Шариф Комилзода тарабынан түзүлдү. " Поэзия акындардын президентке болгон сүйүүсүн жана ишенимин чагылдырат. Бул ырлар лидерибиз мектепке барып, окуучулар менен жолугушкан учурда көп жаңырат. Андан кийин обондор жаралып, радио жана теле аркылуу берилет”, -деди ал.
Улут көсөмүнүн кадыр-баркы китеп аркылуу чагылдырылышына кириш сөздө президенттин жардамчысы, академик Абдуджаббор Рахмонзода кенен баа берген.
Бул президент жөнүндөгү экинчи жыйнак болуп эсептелет. Алгачкы китепте Рахмондун автордук иштери камтыган.