3-апрелде Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү коррупция жөнүндө материалды жарыялаган. Орусияга бул изилдөөнүн басымдуу бөлүгү арналган. Анда Путинге жакын адамдар “Россия” банкы жана панамалык офшор компаниялары аркылуу 2 миллиард доллардан ашуун "арам акчаны адалдап” алгандыгы белгиленген.
Кремлдегилер бул айыптоолорду четке кагып, алар “буга чейин эле айтыла жүргөн” маалымат экендигин билдиришкен.