Бирок добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы укуктук күчкө ээ болбошу мүмкүн. Анткени евроблоктун калган 27 мүчөсү аталган келишимди бекитип берген.
2013-жылы Украинанын экс-президенти Виктор Януковичтин Европа менен биригүү тууралуу келишимге кол коюудан баш тартканы жапырт нааразылык акцияларына түрткү берген. Элдик толкундоолордон кийин уланган башаламандык Орусиянын Крымды аннексиялап алышы менен коштолуп, Украинанын чыгышындагы азыркы кырдаалга алып келди.