Ссылки доступа

“Панама документтеринде” Өзбекстандын да жарандары бар


Азыркы тапта панамалык Mossack Fonseca юридикалык компаниясынын маалымат базасындагы миллиондогон документтер журналисттер тарабынан тыкыр изилденүүдө. Арасында өзбек аткаминерлери туурасында да маалыматтар бар болушу мүмкүн.

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча эл аралык борбордун (Organized Crime and Corruption Reporting Project, OCCRP) редактору Миранда Патручич иликтөөнүн жүрүшүндө панамалык компаниянын кызматынан пайдаланган өзбек аткаминерлерине да кезек жете тургандыгын билдирди.

– Алдын-ала иликтөө учурунда Овик Мкртчяндын ысмы аталды. Биз дагы бир топ өзбекстандыктардын бети ачыла тургандыгынан күнөм санабайбыз. Аларды биз ушул айдын аягына жакын аныктай баштайбыз. Колубузда миллиондогон документтер болгондуктан, алардын ысымдарын жана панама компаниясынын жардамы менен жасаган иштерин тактоого убакыт талап кылынат, - дейт Миранда Патручич.

Mossack Fonseca ысмын атаган өзбекстандык Овик Мкртчянды өзбек президентинин улуу кызы Гүлнара Каримова УККнын мурдагы генералы Хаёт Шарифходжаев түзгөн топтун мүчөсү катары сыпаттаган. Бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү Mossack Fonseca аркылуу "арам акчаны адалдоо” боюнча купуя операцияларды ишке ашырып жүргөн.

Өзбекстан УККнын мурдагы генералы Хаёт Шарифходжаев үй камагына алынган. Ал эми Юрий Савинков менен Овик Мкртчян абакта отурат.

XS
SM
MD
LG